08.04.2019 13:51

«Келечек» конушундагы 3 баласы өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлөт

«Келечек» конушундагы 3 баласы өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлөт

Жашаган үйүнөн өрт чыгып, 3 баласы иске катуу ууланган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган министрликтин жетекчиси Улукбек Кочкоров Таштанбек уулу Рустамдын үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга «Инсандык жардам» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын белгиледи.

Эске салсак, Бишкектин четинде жайгашкан «Келечек» конушунда Рустам үй-бүлөсү менен батирде жашаган үйү 2019-жылдын 11-февралында өрттөнүп, анын кесепетинен 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч баласы иске ууланган.

«Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында тиешелүү дарылануудан өттүк. Азыр ден-соолуктары жакшы. Врачтар бир жылга чейин балдарга дайыма сүт азыктарын берүүнү сунушташкан», - дейт балдардын атасы Рустам.

Үй-бүлө жакында төртүнчү ирет балалуу болушту. Кызы төрөлгөндө «балага сүйүнчү» 4 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акча каражатын тез убакытта алганын белгилешти.

«Инсандык жардам» коомдук кайрымдуулук фондунун координатору Реджеп Юрумес Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кайрылуусу менен аталган үй-бүлөгө 8 ай убакыт аралыгында 25 миң сом ай сайын акчалай колдоо көрсөтүлө турганын айтты. Аталган каражаттар балдардын тамак-ашына жана батирдин ижарасын төлөөгө жумшалат.